Жарандын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

  • 3 недели мурун

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери  күч колдонгондон кийин каза тапкан жарандын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, 9-августта саат 22:37де Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Жибек-Жолу проспектисинин №390 дарегиндеги Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин жатаканасынын 3-кабатынан “белгисиз жаран өз өмүрүнө кол салууга аракет кылууда” деген билдирүү түшкөн. 

Бул чакыруу боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери К.Б. жана Д.Т. барган учурда, болжол менен 30-35 жаштагы европалык түспөлдөгү И.С. аттуу жаран аныкталган. Ал милиция кызматкерлеринен качууга аракет кылган.

Ал жаран Бишкек шаарынын Манас жана Жибек-Жолу проспектилеринин кесилишинен жогорудагы милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага күч колдонулган. И.С. жана ошол жердеги окуяга күбө болгон жарандардын И.С.ке дем жетпей жаткандыгы тууралуу айткандарына жана аны кое берүү суранычтарына көңүл бурбай, анын моюн-жаак тарабынан катуу басып жатып алган. Анын кесепетинен И.С. ошол жерден каза болгон.

Бул факты Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан тийиштүү тергөөгө чейинки текшерүү иштерин ыкчам уюштуруу жана жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен аныкталып, Бишкек шаардык ИИБ кызматкерлерине карата кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты