Жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузууга жол берилбей турган убакыт боюнча мыйзам долбоору сунушталууда  

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 19-июндагы, Жогорку Кеңештин жыйынында «Тынчтык жөнүндө» жана «Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев. 

Жыйында баяндама жасаган депутат Дастан Бекешев белгилегендей, жай мезгилинде жарандар оюн-зоок жайларынан, көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында же көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан кафе, бар жана ресторандардан чыккан ызы-чууларга көбүрөөк даттанышат.

Мыйзам долбоору тынчтыкты жана эс алуу убактысын камсыз кылуу боюнча талаптарды сунуштайт, анын ичинде: ызы-чуудан корголгон жайлардын жана аймактардын болушу, тынчтыктын жана бейпилдиктин бузулушуна алып келген аракеттерге жоопкерчилик, жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузууга жол берилбей турган убакыт. 

Сүрөттө: Депутаттар Бекешев жана Атамбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты