Жарандардын кайрылууларына шалаакы мамиле кылган кызмат адамдарына айып пул салуу сунушталды

  • 1 неделя мурун

Жарандардын кайрылууларын кароодо укук бузган мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын кызмат адамдарына 5 миң сом айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору 9-октябрда коомдук талкууга коюлду.

Бул Укук бузуулар жөнүндө кодексине 4351-беренени (Жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузуу) киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги иштеп чыккан.

Анда мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жарандардын кайрылууларын кабыл алуудан жана кароодон мыйзамсыз баш тартуу, аларды кароо мөөнөттөрүн бузуу, жазуу жүзүндө же электрондук формада жооп жөнөтпөө, бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү жана кайрылууга байланыштуу кабыл алынган чечимди аткарууну камсыз кылбоо сыяктуу укук бузуулар болсо, анда кызмат адамдарына 5 000 сом өлчөмүндө айып пул салынары айтылган.

Аталган мыйзам долбоорунун максаты «жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузгандыгы үчүн мамлекеттик кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле жарандардын мамлекеттик кызмат адамдарына кайрылууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу» экендиги айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты