Жапырт камоолор: Нурлан Асанбековдун үй камагынын мөөнөтү узартылды
- 2 года мурун
Нурлан Асанбековдун үй камагынын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынган. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Алардын катарында Нурлан Асанбеков дагы болгон. Ал ачкачылык жарыялап, Бишкек шаардык соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.
Муну бөлүшүү