Жапониянын премьер-министри Казакстан менен Өзбекстанга барат

  • 1 месяц мурун

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида Борбор Азияга сапарынын алкагында аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугуп, Токионун экономикалык жардам көрсөтүү пакети жөнүндө жарыя жасайт. Бул тууралуу  Japan Times билдирди.

Жапониянын эң байыркы англис тилдүү гезитинин айтымында, Токио Борбор Азия менен Европаны Каспий деңизи аркылуу байланыштырган соода жолун өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Транскаспий эл аралык транспорт жолу же Ортоңку коридор деп аталган бул каттам Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагында ишке ашып, Орусияны айланып өтөт.

Жапониялык басылма Токио бул багытты колдоо менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусиядан экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө үмүттөнөрүн жазды.

«Токио туруктуу экономикалык өнүгүүгө жардам берүү аркылуу Кытай жана Орусия чоң таасирге ээ болгон аймак менен мамилени бекемдөөгө ниеттенүүдө» деп жазат Japan Times.

Жапония декарбонизация (көмүр кычкыл газынын абага тарашын азайтуу) жаатында сунуштарды киргизет. Тактап айтканда, Токионун технологиясы жана насыялары жаратылыш газын кайра иштетүүгө жумшалышы мүмкүн. Күн чыгыш өлкөсү Борбор Азия өлкөлөрүнөн квалификациялуу адистерди тартууга даяр экенин билдирет.

Кисиданын Борбор Азияга сапары 9-12-августка белгиленген. Анын алкагында Өзбекстан, Казакстан жана Монголияга барат. Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Жапониянын саммити өтөт.

«Борбор Азия – Чыгыш Азия менен Европанын ортосундагы негизги геосаясий аймак, газ сыяктуу жаратылыш ресурстарына бай. Кытай акыркы жылдары ал жактагы экономикалык таасирин кеңейтип жатат, АКШ менен Евробиримдик дагы [аймак менен] алакаларды чыңдоого аракет кылып жатышат» деп айтылат макалада.

Гезит Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу мурдагы советтик республикалар Орусия менен коопсуздук жаатында тыгыз мамиледе экенин, бирок Орусия Украинага басып киргенден кийин Москвадан алыс болууга аракет кылып жатканын белгилеген.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты