Жапаров жөнүндөгү макала Кытай ЖМКсына эмес, издөө системасына жарыяланган жана андагы маалыматтардын көбү бурмаланган

Социалдык тармактарда Кытайдын жалпыга маалымдоо каражаттары “Садыр Жапаров 10 жыл бийликте бекем турса, кичинекей Кыргызстан жакырчылыктан кутулуп, Орто Азияда кичинекей күчкө айланышы мүмкүн” деп жазганы тууралуу маалымат тарады.

Жапаров тууралуу макала Кытай ЖМКсына эмес, издөө системасына жарыяланган жана андагы маалыматтардын көбү бурмаланган

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтын аныктыгын жана макаланын мазмунун текшерип көрдү.

Ушул жылдын 21-апрелинде кытай тилинде кызмат көрсөткөн sohu.com издөө системасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тууралуу макала жарыяланган.

Жапаров тууралуу макала Кытай ЖМКсына эмес, издөө системасына жарыяланган жана андагы маалыматтардын көбү бурмаланган

Макаланын баш темасы “Жапаров: Мурдагы президент жолборстон жеңилди. 10 жылдан кийин президент болуп, АКШнын аскерлерин жайгаштыруудан кескин баш тартты” деп аталат.

Макала 2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалды эскерүү менен башталган. Анда жаңжалдын кесепетинен жүздөгөн киши каза болгону айтылат. Чынында, былтыр 28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.

Андан ары макалада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун бул жаңжалды чечүүдөгү ролу жана анын бул кадамын Орусиянын президенти Владимир Путин “жогору баалаганы” тууралуу жазылган.

“Жапаров Кыргызстандын акыркы 20 жылдык тарыхындагы эң популярдуу жана элдин ишенимине кирген президенти” деген кириш сөз менен башталган абзацта Садыр Жапаровдун алгач бизнес менен алектенгени, андан соң саясатка келип, 2012-жылы Кумтөр алтын кенин улутташтыруу боюнча өткөн акцияларда жетекчилик кылганы, бул үчүн бир канча жыл абакта жатканы тууралуу айтылат.

“Жапаров 2020-жылы абактан бошотулгандан кийин дароо премьер-министр жана президенттик кызматына көтөрүлгөн. Ал бийликке келгенден кийин мурунку өкмөттү жойууда өтө катаал чечимдерге барган”, — деп жазат автор.

Мындан тышкары, автор эл аралык ЖМКлар Жапаровду Путинге окшоштурганы тууралуу да жазган. Бирок эч бир булакка шилтеме берген эмес. Буга улай Жапаровдун “АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн аскерлерин Кыргызстанга жайгаштыруу өтүнүчүнөн баш тартканы” тууралуу айтылган. 

2021-жылы АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткенден кийин ошол чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн бирине базасын жайгаштырганы жатканы, аскер базасын жайгаштыруу үчүн вариант катары бир катар мамлекеттер каралып жатканы, анын ичинде Кыргызстан дагы бар экени айтылган. Бирок бул боюнча АКШдан расмий сунуш түшкөнү тууралуу айтылган эмес. Өткөн жылдын октябрында президент Садыр Жапаров басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, АКШнын аскер базасы Кыргызстанга жайгаштырылбай турганын гана айткан.

«Стандарттуу советтик элита» жана «Кыргызстандын бизнес жылдызы»

Андан ары автор “Садыр Жапаров ким?” деген суроого жооп издеген.

“Жапаров — стандарттуу советтик элита” деген теманын алдында автор Жапаровдун балалыгы, окуучулук жана студенттик курагы, ошондой эле үй-бүлөсү тууралуу жазган.

Макалада СССР таркаган учурда Борбор Азия өлкөлөрү көз карандысыз мамлекет болгусу келбегени, айрым адамдар гана муну мүмкүнчүлүк катары кабыл алганы, алардын бири Садыр Жапаров болгону айтылат.

Аны улай Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон кийин Жапаров өзүн ишкерликке арнап, 1990-жылдары “Кыргызстандын бизнес жылдызы” болгону жазылган.

Автор андан ары Жапаровдун саясий карьерасы тууралуу кеңири маалымат берет: “Жоогазын” революциясына катышканы, парламенттин депутаты, ошол кездеги  президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болгону тууралуу жазган.

Макалада Жапаров 2012-жылы Кумтөр алтын кенин улутташтыруу боюнча өткөн акциялардын уюштуруучусу катары кармалып, кийин Түркияга, андан ары Кипрге качып кеткени жазылган. 

“2017-жылы мекенине кайтып келгенде “бийликти кулатуу максатында кутум уюштурган” деген айып менен кармалган. Сот аны 11,5 жылга эркинен ажыраткан”, — деп жазат автор.

Чынында, Садыр Жапаров массалык башаламандыктарды уюштурган жана Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деген айып менен кармалып, 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Сөз болуп жаткан макалада Садыр Жапаров абакта жатканда өз өмүрүнө кал салганы тууралуу дагы жазылган.

Андан ары 2020-жылдын октябрындагы окуялар, Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалышы, январдагы шайлоо жана мыйзамдуу президент болуп шайланышы тууралуу баяндалат.

“Жапаров президенттик мөөнөтүнүн биринчи жылында эле улуттук реформа жүргүзүп, коррупция менен күрөштө оң натыйжа берүү менен элдин суктануусун жарата алды”, — деп жазылат. Мисал катары Кумтөр кенинин мамлекетке өткөрүлгөнү көрсөтүлгөн. 

Автор макаласын “Эгер Жапаров кызматын 10 жыл бекем сактаса, тынчы жок кичинекей өлкө жакырчылыкты жана коррупцияны жеңип, Борбор Азиядагы күчтүү өлкөгө айланат” — деп аяктаган.

Макаланын аягында автор ким экени көрсөтүлгөн эмес, анын ордуна “коммерциялык аянтча” деп жазылган. Ал эми колдонулган адабият катары Сунь Чжуанчжи аттуу адамдын “Кыргызстан Жапаров бийликке келгенден кийин кыйын абалдан чыга алабы?” жана Хэ Вэйдин “Кыргызстандын көз карандысыздык алгандан кийинки экономикалык өнүгүүсү жана аны кармап турган факторлор” деген макалаларына шилтеме берилген.

Бул макала жарыяланган sohu.com плафтормасы — Кытайда Google жана Яндекс сыяктуу колдонулган издөө системасы.

Кийин ал макала baidu издөө системасына жана 163.com сыяктуу форумдарга дагы жайгаштырылган.

Жыйынтык: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тууралуу макала Кытайдын жалпыга маалымдоо каражаттарында эмес, издөө системаларында жарыяланган жана ал макаладагы маалыматтардын көбү бурмаланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты