Жапаров менен Мирзиёев Сокулуктагы автозаводдун ишине старт берет

  • 2 месяца мурун

Ташкентте Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев видеобайланыш аркылуу Сокулук районундагы кыргыз-өзбек автоунаа заводунун ишине старт берет. Бул тууралуу Kun.uz сайты билдирди.

Завод расмий түрдө 18-19-июль күндөрү, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапары учурунда ачыларын UzAuto департаментинин директору Рустам Бекчанов Ташкентте өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунда билдирди.

Биринчи этабында заводдо Cobalt, Onix жана Tracker үлгүсүндөгү автоунааларды өндүрүү пландалууда. Кийин өндүрүш кеңейтилип, башка үлгүдөгү унаалар да чыгарыла баштайт.

2023-жылы мартта Кыргызстанда автоунаа жана коммерциялык техникаларды өндүрүү боюнча «Узавтосаноат», «ДТ Техник» жана «Нур» (Кыргызстан) компанияларынын ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлган.

Күн мурун президент Садыр Жапаров 18-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга бара турганы кабарланган.

Сүрөт: Расмий веб-сайттан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты