Жанар Акаев: Мугалимди шылдыңдаган аялды мугалимдердин, коомчулуктун алдында кечирим суратуу керек

  • 3 дня мурун

Жогорку Кеңештин (ЖК) депутаты Жанар Акаев мектепте мугалимди шылдыңдаган аялга болгону миң сом айып пул салынганына нааразычылыгын билдирди. Ошондой эле аны эл алдына чыгарып, кечирим суратууну жана жазага тартууну сунуштады. Ал бул билдирүүсүн ЖКнын бүгүн, 13-ноябрда болуп жаткан жыйынында айтты.

Депутат ансыз да мугалимдер жетишпеген өлкөдө мындай окуялар менен мугалимдерди мектепке тартуу оор болорун айтты.

«Бул бүтундөй Кыргызстандагы 120 миң мугалимге болгон шылдың мамилде болду. Моралдык чоң сокку болду. Эмне үчун мугалимдерге ушундай орой мамиле кылган, шылдыңдаган, мазактаган адамды болгону миң сом айып пул менен чыгарып жибердинер. Аны жазага тартыш керек эле да. Бүтүндөй мугалимдерге, коомчулукка көрсөтүш керек эле да. Миңдеген мугалимдердин духу тушүп калбадыбы. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкектин өзундө эле 500 мугалим жетишпейт. Эгерде ушинтип отурсак, мугалимдер келеби мектепке? Мугалимдердин айлыгын гана көтөрүп койбостон, авторитетин да көтөрүшүбүз керек»,- деген ал.

Жанар Акаев мугалим менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, жана ал мугалим мектепке келип иштебей турганын билдиргенин айтты. «Ал мындай мазактоону, мындай шылдыңдоону көтөрө албайм дейт. Ошол мугалимди кайра мектепке кайтаруу аракеттерин көрүп, жанагы мугалимди шылдыңдаган эжекени чакырып туруп, ошону кечирим суратып, коомчулуктун алдында, жүзүн ачыкка чыгарып, башка берене менен сот жообуна тартыш керек»,- деди депутат.

Эске салсак, мындан бир жума мурун социалдык тармактарда мугалим менен окуучу баланын энесинин ортосунда болгон окуя тууралуу видеотасма тараган. Анда окуучу баланын жүрүм-турумуна мугалим бир нече эскертүү бергенден кийин, энеси мугалимдин беделин түшүрө турган сөздөрдү айтып, жалпы окуучулардын көзүнчө урушканын угуп-көрүүгө болот.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты