Жанар Акаев: “Маданият министрлигинин компетенциясы жарандарга айып пул салуу эмес”

  • 1 час мурун

Бүгүн, 23-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Укук бузуулар тууралуу кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Министрлер кабинети Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо учурунда депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорунда каралгандай, маданият министрлиги эмес, сот чечим чыгарышы керектигин жана айып пулдун суммасын азайтуу керектигин белгиледи.

-Эгер адам бирөөнү караласа, жалаа жапса, мазактаса, азыр деле мыйзамдар бар да, “менин кадыр-баркыма доо кетирди» деп, соттошконго укугу бар”. Бул жетиштүү. Экинчиден, айыптар өтө чоң сумма, 200 миң сом, 100 миң сом деген. Ошону экинчи окууга сунуш берели, физикалык жактарга миң сом, юридикалык жактарга эки миң сом деп койсок жетиштүү болот. Негизи мен айып салганга деле каршымын. Урматтуу депутаттар, эң негизгиси, элестетсеңиз, бирөө бирөөгө жалаа жапты деп маданият министрлиги тараптарды “сен эмнеге ушинттиң”деп экөөнү сураштырып, беттештирип жатканын. Маданият министрлигинин жумушу ушулбу? Маданият министрлигинин жумушу таптакыр башка да. Ал үчүн сот бар да. «Эмне үчүн сен ушинтип жаздың» деп, кылмышты териштире турган ошон үчүн сот да. Анан кантип каралашкан эки тарапты маданият министрлиги бетме-бет отургузуп алып сурайт? Мен ушуга түшүнбөйм. Экинчи сунушум – маданият министрлигине деле бир топ жеңилдик болот, ошону сот карасын деп коелу. Экинчиси, 200 миң сом эмес, 2 миң сом, 100 миң эмес, 1000 сом кылып койсок, менимче, жетиштүү болот. Мына ушул эки сунушту экинчи окууда сөзсүз ишке ашырып берет деп ишенебиз. Анткени маданият министрлигинин компетенциясы жарандарга айып пул салуу эмес, анын милдети такыр башка,-деди депутат Жанар Акаев.             

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушун берди.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде мындай деген:  

«Мен дагы 100 миң, 200 миң айып пул салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек, аны депутаттар чечет» деди президент.

Министрлер кабинети Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Документ Жогорку Кеңештин сайтында 25-июлда коомдук талкууга коюлган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты