Жамбыл облусунда алтын кендин жумушчусу урандынын алдында калды

  • 20 часов мурун

18-сентябрда Жамбыл облусундагы “Алтыналмас АК” алтын өндүрүүчү компаниясынын тоо-кен иштетүү комплексинде тоо тектери урап түшкөн. Бир жумушчу топурактын астында калганы болжолдонууда.

Компаниянын маалыматы боюнча, кырсык болгон жерде авариялык-куткаруу топтору иштеп жатат.

«Кырсык болгон жерге кирүү тоо тектеринин жылышынан жана оор географиялык шарттан улам бир топ кыйын. Учурда урандылардын астында калган жумушчуну издөө боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат»деп билдирет компания.

Компания жумушчу топ түзүп, окуянын чоо-жайын иликтөөгө киришти. “Алтыналмас АК” Казакстандын бир катар аймактарында алтын казып алуу жана кайра иштетүү менен алектенет. Жамбыл облусунда руда жер астынан да, ачык түрдө да казылып алынат.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты