Жалал-Абад облусунда жер титиреди

  • 4 недели мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 19-августта, саат 17:55де өлкө аймагында очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталганын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Торкен, Кара-Жыгач айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Торкен айылынан 7 чакырым түштүк чыгышта, Кара-Жыгач айылынан 8 чакырым түндүк батышта болгон.

Баштапкы маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты