Жалал-Абадда төрт жашар кызды зордуктоого шектүү кармалды

  • 3 месяца мурун

ЖалалАбадда төрт жашар кызды зордуктоого шектелип 35 жаштагы киши кармалды.

Бул тууралуу 24 kg агенттигине облустук ички иштер башкармалыгы кабарлаган. Окуя тууралуу арыз милицияга 24-июнь күнү келип түшкөн.

Маалыматка ылайык, ошол күнү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда белгисиз киши кичинекей кызды зордуктаган. Ал жерге ыкчам-иликтөө тобу барып, далил буюмдарды алган.

Зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Шектүү соттун чечими менен эки айга камалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты