Жалал-Абадда селден жабыркаган трансформаторлор калыбына келтирилүүдө

  • 2 месяца мурун

23-июлдагы катуу жааган жамгырдан улам Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында саат 18.00 чамасында катуу селден улам Арстанбаб, Кош-Терек айылынан болжол менен 642 керектөөчүнүн электр энергиясы өчкөн.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, селден улам 10 кВ Арстанбаб фидери аварияга учурап, Базар — Коргон РЭТинин балансында 11, керектөөчүлөрдүн балансында 9 даана трансформатор жабыркаган.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Базар-Коргон РЭТинин кызматкерлери бүгүн таңкы саат-06.00дөн тартып, калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө.

Учурда 3 бригада, 4 даана атайын авто техникалар менен иш алып барууда.

Маалыматка ылайык мамычалар жабыр тарткан эмес. Ал эми бак-дарактардын кулап түшүүсүнөн үзүлгөн аба чубалгылар калыбына келтирилүүдө.

Арстанбапта 23-июлда катуу сел жүрүп, 23 машинаны агызып кеткенин, үйлөрдү, имараттарды, көпүрөлөрдү суу каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Сүрөт: Энергетика министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты