Жалал-Абадда селден кийин калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 21-июлда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Камыш, Сары-Челек айылдарынада селден кийин калыбына келтирүү иштери улантылат.

Кечээ, 20-июлда, Аксы районуна караштуу Кара-Камыш, Сары-Челек айыл өкмөттөрүндө саат 15:30 чамасында кыска мөөнөттүү жааган жаандан улам сел кырсыгы катталган.  

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 56 турак үйгө суу каптоо коркунучу жаралып, аталган турак жайдын жашоочулары коопсуз аймакка эвакуацияланган, 2 турак үйдүн ичине, 35 турак үйдүн короосуна, 1 турак үйдүн времянкасын сел суулар каптап, 4 чакырым ички чарбалык жолдор сел суулардан жабыркаган.

Саат 15:30 чамасында катталган шамалдын кесепетинен 2 социалдык объекттнин жана 2 турак үйдүн чатырын шамал учуруп, электр мамычасын кулатып, 35 турак үй электр жарыксыз калган.

Жаралган кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 16 куткаруучу, райондук жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттарын жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оор инженердик техникасын тартуу менен тоскоолдук жараткан жолдорду ички каналдарды калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп, куткаруучулар тарабынан короо- жайларды тазалоо жумуштары аткарылды.

Ири-Булуң жана Кара-Суу айылында эвакуцияланган 56 үй-булө туруктуу ордуна кайтып келишти.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты