Жалал-Абадда адам өлүмү менен коштолгон газ баллонунун жарылышына байланыштуу  үч киши кармалды  

  • 2 месяца мурун

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин ишмердүүлүгүндөгү коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жалал-Абад мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери жогорку кызматтагы аткаминерлердин ортосундагы байланышка жамынып, муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок беришкени аныкталды.

13-июлда Жалал-Абадда соода түйүндөрүнүн биринде газдалган суу чыгаруучу газ баллондук жабдыктарда жарылуу болуп, анын кесепетинен бир сатуучу каза болуп, бир нече адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.

Аталган фактынын негизинде УКМК тарабынан мэриянын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору жана инспектору И.К.Б.  жана А.Т.А., ошондой эле павильондун ээси М.З.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жалал-Абадда адам өлүмү менен коштолгон газ баллонунун жарылышына байланыштуу  үч киши кармалды  
Жалал-Абадда адам өлүмү менен коштолгон газ баллонунун жарылышына байланыштуу  үч киши кармалды  
Жалал-Абадда адам өлүмү менен коштолгон газ баллонунун жарылышына байланыштуу  үч киши кармалды  

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты