Жалал-Абадда 600 жер тилкеси мыйзамсыз берилгендиги аныкталды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жеке турак жай куруу үчүн 600дөн ашуун жер тилкесин берүүдө коррупциялык схема аныкталды.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Тоскоол-Ата токой чарбасынын жана Э.Алиев айыл аймагынын балансында турган 80 гектар жер тилкесин өткөрүп берүүдө трансформацияланган эмес. Ал эми аталган  бир жер тилкесинин баасы учурда 400 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин жетет.

Ноокен районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу адамдары Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясы жана Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттары менен сүйлөшүп алып, 2008-жылдан бүгүнкү күнгө чейин  мыйзамсыз жер тилкелерин жана кызыктар жактарга укук берүүчү  документтерди берип келишкен.

Жогорудагы жер тилкелери айыл чарба багытындагы жерлер категориясына кирери жана жеке турак жай курууга арналбаганы аныкталган.

Аталган фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 13-июлда Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы О.А., Ноокен райондук  “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин адистери жана жетекчиси  М.Ж., С. Б., О.Д., Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин  башчысы Ш.А., Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин мурдагы депутаты – жер маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Д.Б. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө улантылып жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты