Жалал-Абад облусунда тоо-кен иштетүү боюнча жеке компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды
- 2 года мурун
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан көмүр-кен иштетүү жеке компанияларынын мыйзамсыз иштери аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү адистердин тыянагынын негизинде тоо-кен иштетүү жеке компаниялар эч кандай иш-кагаз жана каттоо уруксаты жок ишмердүүлүгүн лицензиялык аймагынан сырткары жүргүзүп келишкен. Анын кесепетинен мамлекетке 4 477 723 сом зыян келтирилген.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке компаниялар тарабынан өз ыктыяры менен 2 205 715 сом мамлекеттин эсебине кайтарылып, башка тоо-кен тармагындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюлду.
Азыркы учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы