Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусундагы бир катар социалдык объектилерди жана жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктады.

 УКМК басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жалпы аянты 1,3 га болгон «Токтогул» автобекети мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди, ал 2009-жылы мыйзам бузуу менен жеке адамга төмөндөтүлгөн баа менен сатылган. Автобекеттин базар баасы 63 817 000 млн.сомго бааланууда.

Мындан тышкары Токтогул районунун Торкен айылында жайгашкан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 2342,8 м2 соода комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды.  Бул комплекстин базар баасы 4 155 000 сомду түзөт.

Токтогул шаарынын мэриясынын балансына Токтогул шаарынын А.Козубеков атындагы паркынын аймагында жайгашкан 1,49 га жер тилкеси менен жайкы кинотеатр өткөрүлүп берилди, анын базар баасы 73 610 455 млн. сомду түзөт.

Муну менен катар Токтогул районунун Токтогул шаарынын «Тайбала-Кечүү» тилкесинде жайгашкан 2 га көп жылдык көчөттөрү бар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Жер тилкесинин базар баасы 7 млн. сомду түзөт.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты