Жалал-Абад: Нарын дарыясына агып кетти деген жаран изделүүдө  

  • 1 месяц мурун

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 3-август күнү, Нарын дарыясына 1994-ж.т. Н.Д. аттуу эркек киши сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Тогуз-Торо райондук куткаруучулар 3-4- август күндөрү издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Натыйжа болбогондуктан 5-6- август күндөрү кошумча издөөгө Токтогул районунан дагы 5 куткаруучу кошулган.  Камбар-Ата ГЭС-1ден баштап, суунун агымына каршы издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты