Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы окуу корпустары ачылды  

  • 1 неделя мурун

Президент Садыр Жапаров кечээ, 28-сентябрда, Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы административдик жана окуу корпустарынын ачылыш аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Анда айтылгандай, үч кабаттуу, 1500 орундуу, жалпы аянты 4580 чарчы метрлик окуу корпусунун, административдик корпустун курулушу аяктады. Жаңы корпустар заманбап компьютердик технологиялар, эмеректер жана керектүү жабдуулар менен жабдылган.

Мамлекет башчы бул окуянын облустун жана жалпы республикадагы билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи.

“Биздин эң чоң ресурсубуз билимдүү жаштарыбыз менен сабаттуу элибиз болгондуктан, билим берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурабыз жана артыкчылык беребиз. Бүгүн силердин университетиңердеги жаңы окуу корпустары, чынында силер үчүн, силердин сапаттуу билим алышыңар үчүн курулду” деди президент.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы окуу корпустары ачылды  

Сүрөттөр: president.kg

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы окуу корпустары ачылды  
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты