Жалал-Абад: Аялын сабоого шек саналган жаранга карата териштирүү башталды

  • 1 месяц мурун

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү күйөөсү токмоктоду деген келиндин окуясы териштириле баштаганын билдирди. Милицияга 8-августта А.К.кызы аттуу келин сабалып, ооруканага түшкөнү тууралуу дарыгерлер кабар бергенин, келин амбулатордук жардам алгандан кийин үйүнө чыгып кетип, ошол күнү арыз жазуудан баш тартканын маалымдады.

«8-августта саат 22:20 чамасында Жалал-Абад шаарынын А.К. кызы аттуу тургунун күйөөсү уруп койгон. Бул факт ошол эле күнү маалыматтарды электрондук каттоо журналына түшүрүлгөн. Милиция кызматкерлери жубайлардын үйүнө барганда күйөөсү болгон эмес, келин ал күнү арыз жазуудан баш тарткан. Эртеси, 9-августта эртең менен арыз жазган жана тиешелүү экпертазалар дайындалды. Келиндин күйөөсү көрсөтмө берди, териштирүү уланууда» деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарында кош бойлуу келин күйөөсүнөн токмок жегени, милиция кызматкерлери шектүүнү кармабай жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл беш айда үй-бүлөдөгү зомбулук фактысына байланыштуу 5153 учур катталды. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилди. 500дөй киши коомдук жумуштарга тартылып, 350сү камакка алынган.

Былтыр бир жылда 13104 зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 32,6% көп болгон.

Президент Садыр Жапаров 8-августта «Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Документте мындай зордук-зомбулукка кабылгандарга комплекстүү жардам көрсөтүү, кылмыш кылган адамдарды жазасыз калтырбоо, жабырлануучулардын сот адилеттигине жетүүсүн, укук-кызыкчылыктарын камсыздоо жагын күчөтүү каралган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты