Жалаа жабуу жана мазактоо кылмыш эмес. Мыйзам долбоорунун демилгечилерине Акыйкатчынын сунушу

  • 1 неделя мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорунун демилгечилерин сунушту кайра кайтарып алууга чакырды.

Белгилей кетсек, 25-июлда Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилген. Анда укук бузуулар жөнүндө кодексин 107-1 беренелери менен толуктоо сунушталып, жеке жактарга  – 100 миң сом, юридикалык жактарга  – 200 миң сом айып пул салуу каралууда.

«1000 жана 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул жазасы – негизсиз жогору. Андан сырткары, мыйзам долбоорунда жоопко маданият, маалымат жана туризм министрлиги эмес, сот тарабынан тартылышы керектиги эске алынышы шарт” деди Жамиля Жаманбаева.

Мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн айып пулдун ченеми  укук бузуулар жөнүндө кодекстин 31-беренесине ылайык, жеке жана юридикалык жактарга каралган чектен бир топ ашып кетет.

Анын үстүнө укук бузууга белгиленген жаза кылмыштын жазасынан бир топко төмөн болушу керек. Ал эми жалаа жабуу жана мазактоо кылмыш эмес.

Мындан сырткары, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева белгилегендей, КР Граждандык кодексинин 18-беренеси жана Жогорку соттун пленумунун “Ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо тууралуу талаштарды чечүү боюнча соттук тажрыйба жөнүндө” 2015-жылдын 13-февралындагы №4 токтомунда ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо үчүн сотко кайрылышы керектиги көрсөтүлөт.

27-августта коомдук талкууга коюлган  Укук бузуулар жөнүндө кодексинде сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда дагы ушундай каршылыктар бар. Анда Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен жалган маалымат таркаткан жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч – 100 миң сом, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч – 200 миң сом айып пул салуу каралууда.

Жамиля Жаманбаева мыйзам долбоорунун демилгечилерин карама-каршылыктарды жоюуга жана жарандардын конституциялык укуктарын сактоону камсыз кылууга, эл аралык укуктук нормалардын сакталышына каршы келген жоболорду  долбоордон алып салууга чакырат.

Ошону менен катары эле Акыйкатчы сөз эркиндигин камсыз кылуу жана адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо зарылдыгын белгилеп өттү.

Сүрөттө: Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты