“Жакшылыктан жамандык издегендерге”. 31-августтагы майрамдык иш-чарага сын айткандарга Орунбековдон жооп

  • 2 недели мурун

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков кечээки, 31-августтагы, майрамдык иш-чарага сын айткандарга Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди. Орунбеков сын айткандардын бир тобун, анын ичинде журналисттер Лейла Саралаеванын, Канышай Мамыркулованын, Жылдызбек Керимбаевдин, ошондой эле Жоомарт Сагындыктын Ленин, Сталин, Брежневдин сүрөттөрүнүн илинишин сындаган постторун белгилеген.

Дайырбек Орунбеков мындай деп жазды:     

«31-августтагы кыргыздын 100 жылдык тарыхынын урунттуу учурлары тизмектелген прологдо — алгачкы темир жолунун курулушу, репрессия жылдары, согуш мезгили, андан кийинки өнүгүү доору, мамлекет эгемендик алганы, 2020-жылдагы бүт дүйнөнү каптаган коронавирустагы азаптуу күндөргө чейин чагылдырылган. Сталиндин портрети — ошол узак тарыхты чагылдырган учурдун гана бирөө. Пролог көрүүчүлөрдү толкундантты, көзүнө жаш алгандар болду, бир дем менен отуруп көрдүк. Майрамдык маанай быйыл өзгөчө болду, агылып келген эл кылкылдап аянтка батпай турду. Мына ушундай жакшылыктан дагы жамандык издегендерге ден соолук гана каалайбыз. Ар ким жан дүйнөсүнө жараша кабыл алат экен, андыктан ушундай маалыматтарды окуп калсаңыздар, аянттагы иш-чаранын видеосун кайталап көрүп коюуну сунуштайм, өзгөчө сезим тартуулайт» деп жазды ал.    

Кечээ, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Иш-чаранын алгылыктуу жактары менен катар эле социалдык тармактарда сын пикирлер айтылып жатат. Буга чейин да айтылып келген, анын ичинде, орусиялык ырчылардын Кыргызстандыни Эгемендик алган башкы майрамында ырдашы боюнча да кызуу талаш-тартыштар жүрдү. Ага Орунбековдон баштап, «орусиялык ырчыларга эч кандай гонорар төлөнбөйт, алар 100 жылдык мааракени куттуктап келишүүдө, болгону жатакана жана тамак-аш менен камсыздайбыз» десе, менен маданият маданият министри Алтынбек Максүтов «Уккусу келбегендер укпай эле койсун» деп, президент Жапаров «Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүүдө», анча мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе, укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз» деп жооп берген.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты