Жайыл районунда унаа көлмөгө кулап, алты бала каза тапты

  • 3 месяца мурун

Жайыл районунда унаа көлмөгө кулап, андагы бир бүлөнүн алты баласы каза тапты. Унаада үч киши жана сегиз бала болгон.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы билдирди.   

“20-июнда 1984-жылы туулган Г.Т. өзүнүн үй-бүлөсү жана кайын эжесинин үй-бүлөсү менен Жайыл районунун Алтын айылындагы көлмөдө эс алышкан. Ичимдик ичип алган айдоочу Г.Т. болжол менен саат 18:30да «Фольксфаген Жетта» унаасын айдап баратып, рулду башкара албай, унаа менен кошо көлмөгө түшүп кеткен. Кырсыктан айдоочу, аялы, бир жашар кызы, кайын эжеси жана анын жети жашар кызы аман калган. Ал эми 4, 5, 6, 7, 8 жана 9 жаштагы балдардын өмүрү кыйылган. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 312- беренеси менен кылмыш иши козголгон. Г.Т. аттуу айдоочу кармалып, убактылуу жайга камалды» деп айтылат» маалыматта.

Сүрөттөр: Чүй обл. ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты