Жайыл районунда 31,5 га жер мамлекетке кайтарылды  

Чүй облусунун Жайыл районундагы мурда “Буудай” компаниясына тиешелүү болгон 31,5 га жер тилкеси төмөндөтүлгөн нарк боюнча чыгарылгандыгы аныкталды.

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, 2007-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянат пайдаланып, Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылынын аймагында жайгашкан 31,5 га өлчөмүндөгү «Аэродром» жер участогунун учуу-конуу тилкесин жана химикаттарды сактоочу кампасын, ошондой эле «Буудай» компаниясына таандык башка курулуштарды 185 миң сомго мыйзамсыз алып чыгышкан.

2024-жылдын 14-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында болжолдуу баасы 470 млн сомду түзгөн аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты