Жай мезгилинде сууга чөгүп каза болгон 20 окуя катталды

  • 3 дня мурун

Ысык-Көлдө 2024-жылдын жайкы туристтик мезгил расмий жыйынтыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте жайкы эс алуу мезгилинде жүргүзүлгөн иш-чаралары тууралуу маалымат берилди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Ага ылайык, суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин аткаруу боюнча 69 эскертүү берилип, талаптарды аткарбаган 18 факты тиешелүү органдарга чара көрүү үчүн жиберилген.

Маалым болгондой, 2024-жылдын сууга түшүү мезгилинде ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгында агын сууга жана көлгө чөгүп каза болгон 20 окуя катталган.

Ал эми былтыркы жылы сууга чөгүп каза болгон 13 учур катталган, быйыл 7 фактыга көп болду.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты