Жаанчыл күндөрү сел жүрүшү мүмкүн

  • 2 месяца мурун

Кыргызгидромет кызматынын шашылыш билдирүүсүндөгү 13-17-июль күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти сел жүрүш мүмкүн экенин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей.  өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Аламүдүн, Чүй жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Ак- Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу активдеши мүмкүн.

Республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:

— Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;

— Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;

— Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-1-чакырымдарында;

— Балыкчы – Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;

— Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;

— Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;

— Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;

— Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымдарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты