Жаан-чачын күтүлөт

  • 3 дня мурун

13-октябрда айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) эскертти.  

14-16-октябрда туруксуз аба ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

16-октябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 7…12°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 5…10°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 11…16°, тоо этектеринде түнкүсүн 0…5°, күндүз 3…8°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз 1…6°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз 6…11°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, күндүз 2…7°, бийик тоолордо түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулука чейин төмөндөйт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты