Жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Анкара көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.  

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө алгач жалпы төрт өрт өчүрүүчү машина, андан кийин дагы өрт өчүрүүчү эки машина тартылды.  54 метрлик эки автошаты тартылды.

Өрт саат 24:23дө чектөөгө алынды. Өрттү өчүрүп жатышат.

Социалдык тармактарда жарыяланган видео тасмаларда адамдар өрт болгон үйдүн тегерегиндеги машиналарды түртүп, четке чыгарып жатканын көрүүгө болот

Сүрөт: ӨКМ   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты