Жаңы окуу жылынан тартып мектептердин тазалыгы окуучуларга жүктөлөт

  • 1 месяц мурун

Мектеп окуучулары өздөрү окуган класстардын, парталардын тазалыгына өздөрү көз салып, жууп-тазалашат. Тиешелүү чечим билим берүү жана илим министрлигинде кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мекеменин Фейсбуктагы баракчасында билдиргендей, бул балдарды тазалыкка жана жоопкерчиликке тарбиялайт.

«Муну балдарды эксплуатациялоо деп түшүнбөө керек. Мындай чечим окуучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу, башкалардын эмгегин сыйлоого үйрөтүүгө багытталган. Балдар өздөрү отурган партасын, окуган классын, а түгүл пайдаланган ажаткананы да тазалыкта кармап, камкор мамиле жасоого милдеттүү» деди министр.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде класстарды жууп-тазалоо иштери окуучуларга жүктөлөрүн буга чейин да айтып келген.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы жарлыгы менен мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салгандан кийин, мектептердеги окуу класстарын тазалоо жана коопсуздукка көз салган күзөт кызматын каржылоо маселеси жаралган. Айрым мектептерде класстарды балдар жууп-тазалап жатканын айткан ата-энелер нааразылыктарын билдиришкен.

Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт. 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт.

Сүрөт: jacity.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты