Жаңы Москвада мигранттар жөнүндө маалымат бере турган бот түзүлдү

Жаңы Москвада түзүлгөн «элдик кошуун» ботунун жардамы менен 42 рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу «Осторожно, новости» Телеграм каналы жазды.

Бот түзүү чечими жергиликтүү бийлик жана полиция өкүлдөрүнүн катышуусунда кабыл алынган.

Ботко жергиликтүү тургундар арыздана алышат. Рейддин жыйынтыгында 32 мигрант депортацияланган.

Былтыр августта Владимир шаарында мигранттар тууралуу маалымат берүүчү бот ачылган. Аны Z-активисттер түзгөн.

Бул эмне деген “элдик кошуун” экени белгисиз. Август айынын ортосунда Екатеринбургдагы базарда рейд жүрүп, мигранттарды аткаминерлер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен бирге “ыктыярчылар” да текшеришкен.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты