“Жаңы мезгил жаңы талаптарды коюп келет”. Президент мамлекеттик кызматкерлер күнү менен куттуктады

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 23-июнда, президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен куттуктады.

“Азыр биз жаңылануу заманында жашап жатабыз. Жаңы мезгил жаңыча иштөө боюнча жаңы талаптарды коюп келет. Дүйнөлүк тобокелдиктерге жана чакырыктарга туруштук бере турган кадрдык дараметибизди арттыруу учурдун талабы. Биз дагы дүйнөлүк агымдан артта калбай башкаруунун жаңы ыкмаларын колдонууга басым жасашыбыз зарыл. Ушу тапта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун туруктуу системасы түзүлдү” деп айтылат куттуктоодо.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты