Жаңы Ак үй эмнеге тосмо менен тосулду? Камчыбек Ташиевден жооп

  • 2 недели мурун

Азыркы бийликтегилер мурдагы Ай үйдөгү тосмону сүрдүрүп таштап,  жаңы курулган Ак үйдү эмнеге  тосмо менен курчап коюшту деген коомчулуктагы суроого Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары -Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди.   

«Дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдө президенттик имараттар мамлекеттик кайтарууга алынат. Эгер темир тосмо менен курчабасак, анда мен мамлекеттик күзөт кызматына 50-60 кызматкерди кошумча алышым керек экен. Алардын айлык эмгек акыларына миллиондогон каражаттар кетет экен. Бул каражаттар элдин каражаттары. Ошол каражаттарды түбөлүк үнөмдөш үчүн тегерегин курчап койдук. Мен коопсуздукка жооп берген адам катары дагы бир жолу кайталаймын. Биз элден эч качан жашынбайбыз» деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле карапайым калк да жаңы Ак үйгө экскурсия кылып кетсе боло турганын билдирди.  

“2-сентябрдан баштап каалаган кыргызстандыктар жумуш күндөрү күндүзгү убакта жаңы салынган Ак үйгө келип, экскурсия кылып кетсеңер болот. Бул үчүн атайы сектор ачып, үч кызматкерди даярдап койдум. Алар келген элди экскурсия кылдырышат. Сөзсүз түрдө жаныңарда жарандык паспорт болушу зарыл. Экскурсия бир жаранга бир эле жолу болот. Кайра кайра кайталанбайт” деп айтты Ташиев.

Жаңы Ак үй- Ынтымак Ордонун ачылышы кечээ, 30-августта өттү.

2020-жылы азыркы бийлик башына келгендер мурдагы Ак үйдүн имаратындагы тосмону алып салуу маселесин көтөргөн. Буга чейин парламентте жаңы төрага болгон Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосу алынышы керектигин мындайча билдирген:

—Талаш-тартыш маселе, туура деп атат, анча-мынча хулигандар деген пикир айтылып жатат. Бул процесстер 3-жолу өттү. Коргонгон сайын эл туура эмес түшүнөт. Бизди тосмо сактап калган жок. Кечээ Садыр Жапаров да Ак үйдөгү тосмону алып салуу сунушун айтты. Мен ошол идеяны колдойм. Бизди тосмо сактап калган жок. Эл менен иштөөгө тоскоолдук болбош керек,-деп айткан.

«Азаттык» «Жаңы Ак үй үчүн жер алгандар Туманбаевдин адамдарыбы?» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жаңы президенттик кеңсенин курулушуна жооптуу адамдар менен «Иншат строй билдинг» компаниясынын байланыштары айтылат. Ак үйдү “Иншат строй билдинг” компаниясы куруп, анын акысына шаардын түштүк тарабынан 25,7 гектар жер алып жатат.

Сүрөттө: Жаңы Ак үй. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты