Өзгөндө сел жүргөн кооптуу аймактан 100 киши эвакуацияланды

  • 3 месяца мурун

Кечээ, 22-июнь күнү, болжол менен 19:00 чамасында МырзаАке КараШоро жолунун 47-50-чакырымында жолдун тескей тарабынан кыян түшүп, натыйжасында жол каттамы жабылган.

Өзгөн райондук жарандык коргонуу башчысынын штабы түзүлүп, тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.

Жерине атайын техника, коомдук тартипти сактоо кызматы, медициналык кызмат, жол тейлөө кызматы, ӨКМ иш алып барууда.

23-июнь күнү сел кырсыгынан улам “Кара-Шоро» улуттук паркына эс алууга барып, өтө албай калган 100 киши куткаруучулар жана жол тейлөө кызматы тарабынан коопсуз жайга эвакуацияланды.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты