Өзгөндө мектепте жылытуучу меш жарылып, от жагуучу жабыркады

  • 2 часа мурун

Өзгөндө мектепте жылытуучу меш жарылып, от жагуучу жабыркады. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 20-ноябрь күнү саат 19:45 чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жайгашкан орто  мектептеринин биринде жылытуучу түтүкчө (меш) жарылып, от жагуучу болуп эмгектенген 35 жаштагы К.Б. аттуу жаран бетондун астында калып калган. 

“Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жетип барып, жабыр тарткан атуулду бетондун астынан сууруп чыгып, тез жардам кызматы келгенге чейин  биринчи жардам көрсөтүшүп, аман сактап калышкан”, — деп жазылат маалыматта.

Учурда жабырлануучу дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми жарылуунун себебин аныктоо боюнча тийиштүү кызматтар тарабынан иш аракеттер көрүлүүдө. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты