Зеленский: «Согуштун бүтөрүнө көпчүлүк ойлогондон да аз калды»

  • 2 недели мурун

АКШга иш сапары менен барган Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйшөмбүдө ABC телеканалына интервью берип, Орусия баштаган согуштун бүтөрүнө көпчүлүк ойлогондон алда канча жакын калганын билдирди.

Телекомпаниянын эфиринде жарыяланган маектин үзүндүсүндө Зеленский АКШнын президенти Жо Байденге сунуштай турган жеңиш планы – Украинаны чыңдоо зарылдыгын камтый турганын айтты.

“Ошондуктан досторубуздан, өңөктөштөрүбүздөн бизди бекемдөөнү суранабыз. Бул өтө маанилүү. «Менимче, биз тынчтыкка көпчүлүк ойлогондон да жакын калдык» деп баса белгиледи Владимир Зеленский.

Зеленский Украина күчтүү позицияда гана Путинди дипломатия аркылуу тынчтыкка түртө алат деп эсептейт. Путин Украинанын Курск облусундагы жортуулунан “үрөйү учканын”, анткени орустар өз өлкөсүн коргоого жөндөмсүз экенин көрсөтүп жатканын айтты Зеленский.

Шаршембиде Зеленский Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөйт. Анын G7 өлкөлөрүнүн, ошондой эле Глобалдык түштүк деп аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалууда.

Сүрөт: president.gov.ua

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты