Зеленский Путин менен ортомчулар аркылуу гана сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди

  • 2 месяца мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын башчысы Владимир Путин менен ортомчулар аркылуу гана сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу ал Орусия менен ыктымал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу америкалык The Philadelphia Inquirer басылмасынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Чечим табууга мүмкүн болгон жолдор бар. Алардын бири алгачкы жолу дан коридорун түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдө колдонулган. Анда Украина Орусия менен эмес, БУУ жана Түркия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Өз кезегинде алар биз менен сүйлөшкөндөн кийин Орусия менен тиешелүү келишимге кол коюу жоопкерчилигин алышкан. Бул жол жыйынтык берген. Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, энергетика жана кемелердин кыймылы боюнча сүйлөшүүлөрдө да ушул жолду колдонсок болот. Азырынча бизде ушундай гана жол бар» деди украин президенти.

Зеленский ошол эле маалда Киев Украинага азыркыдан да узак аралыкка уча турган ракеталарды берүү жана аларды Орусиянын аймагындагы аэродромдорго сокку уруу үчүн колдонууга уруксат берүү боюнча батыш өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын белгиледи. Ал негизги коркунучтардын бири катары Орусия аскердик учактары менен Украинанын шаарларына таштап жаткан башкарылуучу авиациялык бомбаларды атады.

Кремль буга чейин Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрдөн баш тартпай турганын кезектеги жолу кайталап, бул үчүн Украина өлкөнүн төрт облусун жана аннексияланган Крымды Орусияныкы деп таанып, НАТОго кирүүдөн баш тартышы керектигин билдирген. Зеленский Москванын койгон бул шарттарын «ультиматум» деп атаган.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты