Өзбекстандын президентинин учагы Ысык-Көлгө учуп келгени айтылууда

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 16-августта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ысык-Көлгө учуп келгенин Kaktus.media күч органдарына шилтеме жасап, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл облусунун «Тамчы» аэропортуна Өзбекстандын президентинин учагы конгон. Ошондой эле булактар коңшу мамлекеттин президентинин Ысык-Көлгө келишине байланыштуу Чолпон-Атада бир нече чакырымга созулган тыгындар пайда болгонун билдиришкен.

«Flightradar24 сайтынын маалыматы боюнча, саат 13:17де Өзбекстандын борбору Ташкенттен учкан жеке учак Тамчы аэропортуна конгон. Бул учак flightradar24 сайтынын маалыматы боюнча, Өзбекстандын өкмөтүнө таандык, бирок оператор катары катталган My Freighter компаниясына таандык»,-деп айтылат Kaktus.mediaнын маалыматында.

Бирок мамлекеттик органдар Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга келгени тууралуу маалымат берген жок.

Сүрөт: Kaktus.media

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты