Өзбекстандын маданият министрине Кыргызстандын эл артисти наамы ыйгарылды

  • 2 недели мурун

5-августта президент Садыр Жапаров Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековго «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамын ыйгарды. Ал эми Юнус Раджаби атындагы Өзбек улуттук музыкалык искусство институтунун “Макомду салттуу аткаруу” кафедрасынын улук окутуучусу Нуридин кизи Фарангиз Махмудовага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын берди. Өлкө башчы наам тапшыруу үчүн Жарлыкка кол койгону тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул наамдар аларга Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты