Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитети умра кызматын көрсөтүү тартибин күчөттү

  • 1 неделя мурун

Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитети 5-октябрдан тарта умраны (кичи ажылык) уюштуруу кызматтары өзүнчө лицензиялана турганын билдирди.

Эми бул кызматтарды лицензиясы бар фирмалар гана сунуштай алат. Эрежелерди бузуу 68 миллион сумга чейин (5400 долларга жакын) айып пул салууга алып келет.

Буга чейин туристтик компаниялар Туризм комитетинин лицензиясы боюнча умра кызматын көрсөтө алчу. Мындан ары лицензияларды Дин иштери боюнча комитет гана берет. Жаңы лицензияларды алуу шарттары азырынча айтыла элек.

Белгилүү болгондой, Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитети менен Мусулмандар башкармалыгы көп жылдардан бери ажылык жана умра кызматтарын көрсөтүүдө монополист болуп келген. Натыйжада жүз миңдеген өзбекстандык атуулдар кичи же чоң ажылыкка баруу үчүн кезек күтүүгө аргасыз болушкан.Коомчулук эми умра кызматына карата монополия кайра өкүм сүрүп, зыяратчылар үчүн кыйынчылыктар жаралышы ыктымал деп кооптонушууда.

2022-жылы жарандардын суроо-талабына жооп кылып, өкмөт туристтик компанияларга бул кызматтарды көрсөтүүгө уруксат берген, натыйжада жеткиликтүү фирмалардын саны көбөйүп, баа төмөндөгөн.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты