Өзбекстандагы кримтөбөл менен байланышы бар делген кыргыз жараны кармалды

  • 3 недели мурун

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 1956-жылы туулган тургуну М.М.М. кармалды. Ал Өзбекстандагы уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев (каймана аты Салим-бойвоча) менен байланышы бар деп шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, кримтөбөл Салим Абдувалиев УКМК тарабынан изделүүдө жүрөт. Ошондой эле кармалган жаран Салим Абдувалиев менен байланышы үчүн мурда кармалган З.Э.Т. менен да байланышы бар деп шектелүүдө.

УКМК кармалган жаран Салим Абдувалиев жана З.Э.Т. менен Ташкент шаарында жолукканын алар чогуу түшкөн сүрөт аркылуу аныкташкан.

«Жүргүзүлгөн тиешелүү тергөө иштеринин жыйынтыгында кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясынан баш тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийүүсүн билдирген» деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты