Өзбекстанда узун сакал койгондорго каршы рейд кайра күч алды

  • 3 недели мурун

Өзбекстанда сакал койгон эркектерге айып пул салынып жатат. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында сакал адамдын текжайын аныктоого кыйынчылык жаратууда.

«Подробно.уз» басылмасы жазгандай, мындай эркектер аялдарга бетин жапкан кийим кийүүгө тыюу салган берене боюнча жазага тартылып жатышат.

Журналисттер соттун базасында бул берене колдонулган 800дөй иш бардыгын аныкташкан. Алардын көбү Жизак, Самарканд, Анжиян жана Фергана облустарында козголгон.

Эгер эркектер сакалдарын алуудан баш тартса, аларды бейбаштыкка же тартип коргоочуларга баш ийбегени үчүн айыпташары маалым болду.

Коомдук жайларда жүзүн жаап жүрүүгө тыюу салган өзгөртүүлөр административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске былтыр октябрда киргизилген. Мыйзам бузгандарга төрт жүз долларга чейин айып пул салынат.

Былтыр күзүндө Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору парламентте даярдалып, коомдук талкууга чыгарылган.

Ал эми Тажикстанда 20-июнда президент Эмомали Рахмон «улуттук маданиятка жат кийимди сатууга, өлкөгө алып кирүүгө жана коомдук жайларда кийип жүрүүгө тыюу салууну караган» мыйзамга кол койду.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты