Өзбекстанда уруксатсыз элдик медицина менен алектенгендер жазаланат

  • 2 недели мурун

Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенаты 21-сентябрда уруксатсыз элдик медицина менен алектенгенгендердин жоопкерчилигин караган мыйзамды жактырды.

Ага ылайык, мыйзамсыз дарылоо жана мындай ыкманы жарнамалоо үчүн айып пул киргизилет. Жарандарга 5,1 миллиондон 6,8 миллион сумга чейин (400дөн 530 долларга чейин), кызмат адамдарына 6,8ден 8,5 миллион сумга чейин (400дөн 670 долларга чейин) айып пул салынат.

Эгерде мыйзам бузуу бир жыл ичинде кайталанса, айып пулдун көлөмү көбөйүп, 15 суткага чейин камакка алынышы да мүмкүн.

Акыркы убакта социалдык тармактарда дарылоо ыкмалары күмөн жараткан видеолор көбөйдү.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты