Өзбекстанда сел көчөлөрдү кум-шагылга толтурду

  • 1 месяц мурун

25-июлда нөшөрлөгөн жаандан жана мөндүрдөн улам Өзбекстандын Фергана районундагы айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу «Узгидромет» билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 25-июль күнү түштөн кийин Фергана районунун Шахимардан районундагы Куркул суусунун нугу менен сел жүргөн. Ал калкка жана аймакка зыян келтирген эмес.

Мындан тышкары нөшөрлөгөн жаан менен мөндүрдөн улам Фергана районундагы Шахимардан кыштагында сел жүрүп, жергиликтүү медициналык жайдын жана бир нече тургундун короосун кумга жана шагылга толтурган.

Ошол эле күнү Букан дарыясынын нугу менен Фергана районундагы «Ёрдон» маалесинде да сел жүргөн. Маалыматта ал калкка зыян келтирбегени белгиленген.

Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери аймакты кум-шагылдан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Селден каза болгондор жана жаракат алгандар жок экени кабарланды.

Буга чейин «Узгидромет» мекемеси 23-26-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөр жаандан улам Өзбекстандын төрт аймагында, анын ичинде Фергана районунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Сүрөт: Hydromet.uz

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты