Өзбекстанда окуучулар сууга ууланышты

  • 2 недели мурун

Ташкент облусунун Алмалык шаарында чыпкаланбаган суу ичкен мектеп окуучулары массалык түрдө ууланды.

15-19-сентябрь аралыгында 12 окуучу ичеги оорусунун курч белгилери менен инфекциялык ооруканага жаткырылган.

Учурда балдардын абалы туруктуу, алардын жетөө үй шартында дарылануу үчүн чыгарылган. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери анализ үчүн суунун жана тамак-аштын үлгүлөрүн алышкан.

Прокуратура жана жергиликтүү билим берүү органдары окуянын себептерин аныктоо жана ушул сыяктуу окуялардын кайталанбашы үчүн кырдаалды иликтөөгө киришти.

Бардык аракеттер шаар бийлигинин көзөмөлүндө экени кабарланды.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты