Өзбекстанда үч баланын энеси онлайн-оюндан утулуп, өз жанын кыйды

  • 2 месяца мурун

28 жаштагы анжияндык келин, үч баланын энеси онлайн кумар оюнунда утулуп калгандыктан өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Анжиян облусунун тургуну 1996-жылы туулган кызы 17-июль күнү кечке маал үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин кабарлаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө келин Телеграм аркылуу үн жөнөтүп, ал онлайн-оюнда 15 миллион сум (болжол менен 1200 доллар) уттуруп койгонун, мындан улам өз жанын кыйгысы келгенин айтканы аныкталды.

Анын сөөгү 22-июлда каналдан табылган.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Кумар оюндарына катышып, ири суммадагы акчасын жоготуп алган эркектер өз жанын кыйган бир нече фактылар буга чейин катталган, бирок ушул себептен аял өз жанын кыйган учур биринчи жолу болду.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты