Өзбекстанда BYD заводу электромобиль чыгара баштайт

  • 2 месяца мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 27-июнда Жизак облусуна иш сапары менен барып,  BYD Uzbekistan Factory биргелешкен ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, заводдо чыгарылган алгачкы унаага кол тамгасын койду.

Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Завод ушул жылдын январь айында Кытай президентинин Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында ишке киргизилген. Долбоордун наркы 160 миллион долларды түзөт. Завод жылына 50 миң электромобиль чыгарат.

Азыр заводдо Chazor жана Song Plus Champion унаалары чыгарылып жатат.

Долбоордун экинчи баскычында өндүрүшкө дагы 300 миллион доллар жумшалып, завод жылына 200 миң электромобиль чыгарууга мүмкүндүк алат. Үчүнчү этапта 500 миллион доллар инвестиция тартылып, өндүрүш кубаттуулугу 500 миң электромобилге жетет.

Азыр заводдо 1200 адам иштейт. Үчүнчү баскычта 10 миң адам иш менен камсыз болот.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты