Өзбекстан: Сурхандарыяда күкүрттүү суутектин тарашы боюнча ыкчам штаб түзүлдү

  • 2 недели мурун

Сурхандарья облусунда күкүрттүү суутектин абага тарап кетишти боюнча оперативдүү штаб түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстан президентинин тапшырмасы менен вице-премьер-министр Ачылбай Раматов баштаган аткаминерлер окуя болгон жерге барышты. Сүрөттөн саламаттык сактоо министри Асилбек Худаяровду да көрүүгө болот. Чогулгандардын көбү беткапсыз жана коргоочу шаймандарсыз жүрүшөт.

Маалыматта ыкчам штабдын курамына тиешелүү министрликтер менен уюмдардын адистери киргени айтылат. «Техногендик кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар көрүлүп жатат» деп белгиледи энергетика министрлиги.

Gazeta.uz Байсун райондук тез жардам ооруканасынын жетекчилиги менен байланышып, заводдун эки жумушчусу ооруканага жаткырылганын кабарлады.

«Кечээ окуя болгон жерде эки жумушчу дем алуусу кыйындап, ооруканага жаткырылды. Алардын абалы канааттандырарлык жана туруктуу. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Термездик дарыгерлер да келишкен… Каза болгондор тууралуу маалымат жок» деп билдиришти медициналык мекемеден.

1-сентябрда Сурхандарыя облусунун Байсун районунда скважинадагы бургулоо иштеринде технологиялык процесстин бузулушунан улам күкүрттүү суутек абага тарап кеткен. Окуя «Эгемендиктин 25 жылдыгы» шахтасында болгон.

«Кенге жакын жашаган жарандар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Каза болгондор жана жабыркагандар болгон жок. Кырдаал толук көзөмөлгө алынды» деп билдирген өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Аз өлчөмдөгү күкүрттүү суутек аралашкан абадан дем алуу – баш айланууга, баш ооруга, жүрөк айланууга, кусууга, ал эми көбүрөөк концентрацияда комага, калчылдоого, тырышууга, өпкө шишигине жана өлүмгө алып келет. Жогорку концентрацияда бир ингаляция дароо өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты