Өзбекстан: Шахтада күкүрттүү суутек абага тарап, тургундар эвакуацияланды

  • 2 недели мурун

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Байсун районунда скважинадагы бургулоо иштеринде технологиялык процесстин бузулушунан улам күкүрттүү суутек абага тарап кетти.

Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 1-сентябрда «Эгемендиктин 25 жылдыгы» шахтасында болгон.

«Кенге жакын жашаган жарандар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Каза болгондор жана жабыркагандар болгон жок. Кырдаал толук көзөмөлгө алынды» деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Жергиликтүү бийлик учурда абанын булгануу деңгээлин изилдөө жана абалды жоюу иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Аз өлчөмдөгү күкүрттүү суутек аралашкан абадан дем алуу – баш айланууга, баш ооруга, жүрөк айланууга, кусууга, ал эми көбүрөөк концентрацияда комага, калчылдоого, тырышууга, өпкө шишигине жана өлүмгө алып келет. Жогорку концентрацияда бир ингаляция дароо өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты