Өзбекстан сенаты «жагымсыз» чет элдиктер жөнүндө мыйзамды колдоду

  • 2 недели мурун

20-сентябрда Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенаты (Өзбекстан парламентинин жогорку палатасы) чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок кишилердин укуктук абалы тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жактырды.

Мыйзам боюнча, Өзбекстандын мамлекеттик суверенитетине, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна каршы келүүчү ачык чакырык жасаган же аракет кылган;

Мамлекет аралык, социалдык, улуттук, расалык жана диний кастыкты козуткан;

Өзбекстандын кадыр-баркын, ар-намысын жана элинин тарыхын жаманатты кылган чет элдиктер же жарандыгы жок кишилер өлкө үчүн “жазымсыз” деп таанылат.

Мындай адамдарга Өзбекстанга кирүүгө, банк эсебин ачууга жана кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салынат. Эгерде өлкөдө буга чейин “жагымсыз” жаран жашаса, ага Өзбекстандан чыгып кетүүгө 10 күн берилет, антпесе депортация болот. Бул адамдарга беш жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

Мыйзам Өзбекстанда коомчулуктун нааразычылыгын жараткан орусиялык пропагандачылардын соңку билдирүүлөрүнүн фонунда кабыл алынды. Активисттер бийликти шовинисттик билдирүүлөргө катуураак жооп берүүгө чакырып келишет.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты